www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) катышуучу мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында кеңешмеге мүчө мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюду.

Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

– Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү жөнүндө чечим;

- Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы;

- Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;

- Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашын кабыл алуу жөнүндө чечим;

- Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы жөнүндө чечим;

– Түрк мамлекеттер уюмуна өнөктөш макамын белгилөө жөнүндө чечим;

–Түрк мамлекеттер уюмунун ардактуу төрагасынын укуктарын жөнгө салуу жөнүндө чечим;

- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;

- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;

- Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Түрк инвестициялык Фондун түзүүнү жыйынтыктоо жөнүндө чечим.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости