www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманованын уулу Кемелбекти уурдап кетишип, 600 000 доллар сурашкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине экс-министр билдирди.

Анын айтымында, окуя 27-июнь күнү болгон. Ошол күнү саат 20.35те ага баласы менен видео жөнөтүлгөн.

«Башына тапанча такалган кадрларда уулум аны уурдап кетишкенин айткан. Алар 2 миллион доллар талап кылышууда. Уулум мунун бардыгы Кыргызстандагы адамдардын буйругу экенин айтып, убакыт аз экенин билдирди. Ошол учурда видео үзгүлтүккө учурады. Башында бир күн беришти. Алар (уурдагандар) менин Telegram аккаунтума жаза башташты. Менде андай акча жок деп жаздым. Министр болуп келгенге чейин сатып алган батирим, унаам бар экенин айттым. Алар эсептеп, 600 миң доллар сурашкан. Алар менен жазышкан 60тан ашык скриншоттор бар. Алардан убакыт берүүнү суранып, аталган мүлктү жарнамага койгом», - деди Динара Кутманова.

Ал белгилегендей, анын уулун уурдоо боюнча ишти Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев жетектеген. Анын айтымында, ал мурдагы аткаминерге болгон окуяны жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомчулукка билдирбөөнү, уурдагандар уулу Кемелбек Кутмановду майып кылып албасын деп кеңеш берген.

«Мен бул боюнча унчукпадым, анткени балам үчүн корктум. Уулуңду бир нерсе кылабыз деп, мени дайыма коркутуп-үркүтүп жатышты. Уулумдун аман-эсен кайтарып алуу үчүн мен мүлкүмдү берүүгө даяр экенимди айтып, киши жибергиле дедим», - деди Динара Кутманова.

Бүгүн экс-министр өз баракчасына макала жазып, анын уулун уурдоо боюнча бийлик эмне үчүн унчукпай жатканын сурады.

Анын айтымында, учурда иш боюнча жылыш жок. Динара Кутманова Ички иштер министрлигине, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Жаратылыш ресурстар министрлиги менен “Жаратылыш өнүктүрүү фонду” коомдук фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кимдер кармалганын жана экс-министр Динара Кутманова үй-бүлөсү менен ар кандай долбоорлордон миллиондогон акчаларды кантип жегенин айтып берди.

 

Последние новости