www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын тогуз айында өлкөдөгү ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш, металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат, байланыш, ошондой эле электр энергиясы жана газ менен камсыздоо тармактарында байкалды.

"Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен экономиканын реалдуу сектору оң жакка сальдолоштурулуп, ишканалар мындан 60 миллиард сом пайда көрдү. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайда 35 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт. Демек, ишканалар акырындык менен калыбына келип, пандемияга чейинки деңгээлге кайтуу жолунда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда ишканалардын 21 пайызы чыгым тартышканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости