www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусу Орусияга интеграциялашуу курсунан тайбайт. Андыктан Украинанын көзөмөлүнө кайтуу жолдору каралган жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремусов билдирди.

"Херсон облусу Орусия Федерациясына интеграциялашуу багытынан кайтпайт. Башка жолубуз жок. Өткөөл мезгил канчага созуларын айтуу кыйын, бирок жылдын аягына чейин коомдук талкуунун деңгээлинде гана эмес, мыйзам жүзүндө бардыгын ишке ашырууга даяр болобуз", — деди ал.

Орун басардын айтымында, аймак мындан ары украин бийлигинин көзөмөлүндө болбойт.

"Херсон облусу эч качан Украинаны толук деградацияга алып келген Батыш өлкөлөрүнүн колониясы болбойт", — деди Стремусов.

Орусия аскерлери Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция маалында өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусун толугу менен жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Бул аймактарда жарандык-аскердик башкармалыктар түзүлүп, орус телеканалдары жана радиолору иштей баштап, Крым менен соода алакалары калыбына келтирилүүдө.

"Единая Орусия" партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Орусия Херсон аймагына түбөлүккө келгенин, буга эч кандай шек болбошу керектигин айткан. Ал эми облустук администрациянын башчысы Владимир Салдо облус азыртадан эле Орусия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости