www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттердин жыйынтыктоочу аттестациясын өзгөртүүнү сунуштады.
Долбоорго ылайык, эми бүтүрүүчүлөр үчүн дипломдук иштин ордуна 16 жумалык милдеттүү практика (стажировка) киргизилиши мүмкүн. Анын жыйынтыгы (отчет, бизнес-план же стартап долбоор) акыркы баалоого кошулат.
Министрликтин маалыматына караганда, бул кадам студенттерди теорияга эмес, иш жүзүндө даярдоого багытталган.
Ошондой эле дагы бир маанилүү сунуш бар: эгер аттестация учурунда мыйзам бузуу аныкталса, берилген дипломду жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Белгилей кетсек, мындай өзгөртүүлөр азыр коомдук талкууда.