www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында июль айынын аягында АИ-92 бензининин чекене баасы бир литри үчүн 86,9 сом деңгээлинде сакталууда — мамлекеттик субсидия болбосо, ал 105 сомго жакын болмок, деп билдиришти Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан.
Мекеменин маалыматы боюнча, мамлекет импортчу жана сатуучуларга мунай продуктуларынын өздүк наркы менен сатылган баанын ортосундагы айырманы компенсациялап берет.
Монополияга каршы кызматтын баалоосу боюнча, компенсация болбосо, дизель азыркы 99,9 сомдун ордуна 115 сомго жакын, АИ-92 бензини 86,9 сомдун ордуна 105 сомго, суюлтулган газ (автогаз) 48,8 сомдун ордуна 55 сомго жакын сатылмак.
Мониторинг боюнча, Бишкекте АИ-92 (86,9 сом) Арменияга (124,8 сом), Тажикстанга (118,2 сом) жана Өзбекстанга (94,9 сом) караганда арзан. Ошону менен бирге, бааны мамлекеттик жөнгө салуу жана өзүнүн мунайды кайра иштетүүчү ишканалары бар Казакстанга (46,8 сом), Орусияга (78,3 сом) жана Беларуска (78,5 сом) караганда кымбат.