www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судандын армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулардын натыйжасында 56 адам каза болуп, 600ү жарадар болду, деп билдирет МИР 24.

Судандын борбору Хартумда  учурда атышуулар токтобой, күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан карапайым калк да каза болууда.

Ыкчам аракеттенүүчү күчтөр республикадагы бийликтин негизги символу болгон Президенттик сарайды, ошондой эле борбордун эл аралык аэропортун жана өлкөнүн түндүгүндөгү авиабазаны өз көзөмөлүнө алышканын билдиришти. Алардын регулярдуу армиядагы оппоненттери муну четке кагышты.

Ким биринчи атканы боюнча тараптар карама-каршы маалыматтарды берүүдө.

"Бул кыймылдар жана жайгаштыруулар аскерий командачылыктын координациясы жок жүргүзүлүп, жарандардын арасында дүрбөлөңгө алып келди жана күч түзүмдөрдүн ортосундагы тирешүүнү күчөттү", - деди генерал Набил Абдулла.

Чыр-чатактын негизги себеби - Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн армиянын курамына кирүүнү каалабагандыгы.

Судандагы саясий кризис бир нече жылдан бери уланууда. Биринчиден, мамлекетти 30 жыл башкарган президент Омар ал-Башир бийликтен четтетилди. Аскердик төңкөрүштөн кийин өлкөнү Убактылуу эгемендик кеңеш жетектеп келет. Жарандык өкмөт таркатылып, өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы карама-каршы турган түзүмдү таратуу тууралуу жарлык чыгарды. Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши тараптарды ок атышууну токтотуп, тынчтык диалогго кайтууга чакырды.

Хартумдан салгылашуулар өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, Түндүк Дарфур штатында да абал курчуду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости