www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сот системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» бир катар судьяларга премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан сыйлык тапшырылды.

5-мартта белгиленген Кыргызстандагы Сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө байланыштуу премьер-министрдин буйругу менен төмөнкү судьялар өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды:

— Гилязетдинова Инара Илгизовна — Жогорку соттун судьясы;

— Байсов Кылыч Таштанбекович — Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасы.

Энчилүү саат менен сыйланган судьялар:

— Каипов Эмилбек Өскөнбаевич — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;

— Апасова Таалайгүл Туратбековна — Жогорку соттун аппаратынын референти;

— Койломбаев Азамат Ишимбекович — Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары.

Эске салсак, 5-март Кыргызстанда Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости