www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер-Үй алтын кенинде 18 адам тамакка ууланганы айтылды

Кечээ, 21-март күнү Фейсбук социалдык тармагына Султанбек Аманбеков аттуу колдонуучу Таластагы Жер-Үй алтын кенинде мындан 2-3 күн мурда 18 адам тамакка ууланганын жазып чыккан.

"Тийиштүү органдар бүгүн гана кыймылдай баштады. Ал эми ууланган адамдарды эч кимге унчукпагыла деп коркутуп коюшкан. Алар жумушунан кол жууп калуудан коркуп, үн катпай отурушат. Таластын жаңы жетекчисинин бул боюнча кабары барбы?” - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу Талас ОИИБине байланышканда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Аталган билдирүү облустук милициянын маалыматтык электрондук эсепке алуу журналына "Санитардык-эпидомиологиялык талаптардын бузулушу" фактысы менен каттоого алынды. Жарыяланган маалымат канчалык деңгээлде чындык экендигин аныктоо максатында жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн текшерүү жана иликтөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости