www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирди.Бул тууралуу өкмөт башчы 22-декабрда Жогорку Сотко караштуу Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу иш-чарасында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул тармакка 2020-жылы 1,2 млрд сом берилси, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүндү.

“Буга чейин судьялар 40 миң сомдун, сот аткаруучулар 12-13 миң сомдун тегерегинде айлык алып келишкен. Азыр судьялар орточо 85 миң сом, сот аткаруучулар 38 миң сом алат”, - деди Акылбек Жапаров.

Сот департаментине берилген 47 автоунаа мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92,1 млн сомго сатып алынды. Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости