www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан он жылдай мурда: «Ме, сенин портретиңди тарттым. Бекитип ал, шедевр... түнкү саат үчтө тарттым» деп калдалаңдап келип, линолеумдун түрмөктөлгөн кесиндисин колума кармата салды. Жазып жиберип карасам, ич тарабында фломастер менен кыйма-чийме тартылган элестер бар экен. Киши сымал, кишиге окшобогон оголе көп сөлөкөттөрдү чиркештире чиймелептир. «Рамис аке, мен мунун кай жериндемин?» десем, колу менен линолеумдун бетин жайпай көрсөтүп: «Турбайсынбы, сенсин да ошо...» деп койду. Мындай эскерүүсүн профессор Сулайман Кайыпов бүгүн, 28-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Рамис деген ким эле, ыр деңиз болчу тим эле...

Ыйманы саламат болсун... Жөп-жөнөкөй дейин десең татаал эле; татаал дейин десең, жөп-жөнөкөй болучу. Жөнөкөйлүк менен татаалдыктын жуурулушунан бүткөн, кайталангыс адам, акын, сүрөтчү, композитор... кайран гана Рамис аке! Ырлары, сүрөттөрү да бир караганда татаал көрүнөт, түшүнгөнгө жөп-жөнөкөй, бирок түпсүз терең.

Мындан он жылдай мурда: «Ме, сенин портретиңди тарттым. Бекитип ал, шедевр... түнкү саат үчтө тарттым» деп калдалаңдап келип, линолеумдун түрмөктөлгөн кесиндисин колума кармата салды. Жазып жиберип карасам, ич тарабында фломастер менен кыйма-чийме тартылган элестер бар экен. Киши сымал, кишиге окшобогон оголе көп сөлөкөттөрдү чиркештире чиймелептир. «Рамис аке, мен мунун кай жериндемин?» десем, колу менен линолеумдун бетин жайпай көрсөтүп: «Турбайсынбы, сенсин да ошо...» деп койду. «Кийин, жакшылап карап түшүнүп алармын» деген ой менен кала бердим. Ракең чыгып баратып: «Ай, түндө бир музыка жаздым... шедевр... мына... тра-та-та-там-там, там, там!» деп, кыйла бийледи. Анан жүзүмө бир карап, “Сен муну да түшүнгөн жок окшойсун» дегенсип, «Давай, дагы келем» деп чыгып кетти.

Менин Ракең тарткан «портретим» иш столумдун үстүндө бир канча жума жайылып турду. Келген-кеткен: «Бул эмне? Жыйнатып койбойсунбу», «Ыргытпайсынбы ары» дешет. Мен: «Кой ай, ал менин портретим. Ыргытпайм!» дейм. Көбү «буга эмне болгон» дегенсип, менин ден соолугумдан шектенип калышат. Же «портретимди» түшүнсөмчү! Убакыт боло калганда көзүм тунарып, башым айлангыча тиктеп турам. Өзүмө окшогон эч нерсе таба албай кыйналам. Ошентип, бир жумадан ашуун убакыт өттү. Бир күнү: «Ушул сүрөттү Ракең кайсыл жеринен баштап тартты экен. Ошону издеп көрбөймүнбү» деген ой башыма келе калды. Ооба, туура экен! Бул сапар, бир караганда эле таптым! Линолеум кесиндисинин жогорку сол бурчунда тегерек, толмоч, бир жагына салыгыраак жүзү бар эркек кишинин көөдөнүнө чейинки элеси чиймелениптир. Эң кызыгы, анын оң көзү кыргыз байрагы түрүндө, сол көзү түрк байрагы түрүндө тартылыптыр. Бул сүрөттүн ачкычы мына ушул жерде экен! Көрсө, Ракең мени кыргыз-түрк аралаш, аргын, гибрид, татаал образ катары көрөт тура. Калган кыйма-чиймелерин да бир аз жоромолдомуш болдум. Кийин «Бул эмне?» дегендерге, «Бул менин портретим» деп, жарым саат түшүндүрмө бергенге жарап калдым. Эки көзү эки өлкөнүн байрагы түрүндө тартылган жүздүн мага окшош экендигин айтканымда таңдана жылмайбаган бир да жан болгон жок.

Рамис аке андан кийин да көп келди мага. Бир келгенинде «портретими» жанагинтип өзүнө түшүндүрө баштасам, башын чулгуп, такыр уккусу келген жок. Жөн эле дөөрүп жаткандай сезилдим окшойт. Анан тамашага айландырайын деп, «портретимде» катар чийилген ургаачылардын сөлөкөтүн көрсөтүп: «Рамис аке, мынабау чиркешкен бийкечтер кимдер? Сиздин оюңуз боюнча, мен ушул сулуулардын баары менен сүйүшүп чыгышым керек окшойт ээ, келечекте? Бул оюңуз жакты мага» десем, жүзүмө ушундай тиктеди дейсиң, «Ушу сендей дөдөйдү кудай эмнеге жаратты экен, шедеврди түшүнбөй…» дегендей, жаактары түйүлүп, чачтары сапсая түштү. «Мен сенин портретиңди дагы тарттым, ал мындан да жакшы чыкты» деди. Бирок, алып келип берген жок. Бары бир түшүнбөйт экен деди окшойт. Мен Ракең алгачкы тартып берген «портретимин» сырларын азыр деле ачып бүтө элекмин.

Рамис аке, мен бүгүн сиздин мага: «Ме, сактап ал, ушундайларды жакшы көрөсүн го» деп берген кол жазмаларыңызды эстедим... Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлгөн 75 жылдык мааракеңизде окуган ырлырыңызды, бийлеген бийлериңизди элестеттим... Сиздин дили таза инсан, кайталангыс талант экениңизди ойлодум... Сиз кыргыз элинен эсинен чыгып кала турган бирөө эмессиз... Жаткан жериңиз жайлуу болсун! Нур ичинде жатыңыз, Рамис аке!», - деп эскерген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости