www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бизде бир эле Жогорку Сот болушу керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Бизде бир эле Жогорку Сот болушу керек. Андан башка азыркы баркы жок облустук соттордун ордуна райондордун ирилешкендерине карап, республика боюнча 5-6 Аппеляциялык сотторду түзүү өтө маанилүү. Ошондо бизде расмий үч тепкичтүү сот бийлиги пайда болот. Жогорку сот, Аппеляциялык сот жана жергиликтүү соттор болуп. Ар бир сот тепкичтеринин кээ бир жеңил категориядагы караган иштерин акыркы жана даттанууга жатпагандай кылсак, соттордун баркы көтөрүлүп, бүгүнкүдөй майдабарат кыбыраган иштердин баары Жогорку сотко келбейт. Ошондо Жогорку сот майдаланбай, мамлекеттик масштабдагы жана маанилүү иштерди караганга мүмкүнчүлүк алып, Жогорку сот деген атына татыктуу болмок. Андан башка, Жогорку жана аппеляциялык соттордун саны автоматтык түрдө кыскарып, бюджетибиз дагы жеңилдемек”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg