www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулайман-Тоо музей-комплексинин корук аймагындагы көрүстөндөрдү ирээтке келтирүү максатында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ишин баштады. 

Комиссия Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбековдун төрагалыгынын астында түзүлүп, курамына министрликтин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясы жана кеңеши, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, имам-хатибдер, ОшМУнун окумуштуулары жана музей адистери кирди. 

Комиссиянын негизги максаты – корук аймагындагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен бирге санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактын эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү.

2026-жылдын 19-мартында өткөн жыйында төмөнкү багыттар аныкталды:
• санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу;
• өрт коопсуздугун күчөтүү;
• талапка жооп бербеген элементтерди этап менен алып салуу;
• калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Жыйынтыгында комплекстүү план иштелип чыгып, көрүстөндөрдөгү талапка жооп бербеген элементтер демонтаждалат. Иш башталар алдында дин башкармалыгынын фатвасы алынат.

Последние новости