www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз ыктыяры менен мандатынан баш тарткан Кундузбек Сулаймановдун ордуна эми Жогорку Кеңештин депутаты болуп Райимберди Дүйшенбиев келет.
Ал №14 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Сулмаймановдон кийинки орунда турган. Райымбердиев 6 миң 605 шайлоочунун добуш алган.
Генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев кесипкөй аскер кызматкери катары таанымал. Ал Даир Асанов атындагы аскер лицейин жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара институтун бүтүргөн.
Аскердик кызматын 1995-жылы баштап, жооптуу жана жогорку мамлекеттик кызматтарга чейин жеткен. Атап айткуанда, 2013-2016-жылдары КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болгон. 2016-2020-жылдары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги.