www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Президент кут болсун!” деген сөз карапайым америкалыктардын күн деми сөзүнө айланды…". Бул тууралуу драматург, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев билдирди . Ал АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын инаугурацияна катышканын кабарлады.
"Америка ушу мүнөттөрдө өз тарыхындагы 47-президентти кабыл алды. Акыркы күндөрдөгү каттуу сууктан улам белгиленген жаңы президенттин жогорку милдетке киришүү салтанаты ачык асмандан Капитолийдин ичинде өттү. Биз да карапайым эл арасында назар салып турдук.
Трамп чындыгында жалпы эл сүймөнчүгү экендигин карапайым адамдардын жүзүнөн байкадык. Суукка карабай миңдеген адамдар Капитолийдеги ант салтанатына ичкериден көз салды. Трамптын сүйлөгөн сөзүнүн ар бир абзацы сыртта турган адамдардын кол чабуулары менен коштолуп турду. Вашингтондун ар бир көчөсүнө, кафе, ресторандарда кадимки футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатын көрүп жаткандай таасир калтырды. Баштарында 45-47 деген жазуусу бар кызыл, кара кепкалар. Анткени, Трамп АКШынын 45инчи жана 47инчи президенти. Президент өз сөзүндө ички саясатка, ички көйгөлөргө токтолду. Ал расмий түрдө “Бүгүндөн баштап Американын “алтын доору башталат!” деген сөзү америкалыктарды өзгөчө толкундантты. Түндүк Каролинада кар алдында калган миңдеген адамдарга, Лос Анджелесте өрттөн жапа чеккендерге өз убагында жардам бере албаган Америкада өлкөдөн тышкаркы жерлерде эмне бар?! деген сөздү өзгөчө басым менен айтты. Дүйнөдөгү тынчтык маселеси 47инчи президенттин приоритети катары бааланды. Ал эми Америкада “бүгүндөн баштап эки гана жыныс жашайт: ал - аял, эркек!” деген сөзүн тышкарыдагы эл дуулдата кол чаап кабыл алды. Америка жаңы дүйнөнү, өзгөрүлгөн дүйнөгө тынчтык аркылуу багыт алууну көздөйт…
Карапайым эл Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн кружка менен суусундук ичип, ал эми Трамптын сүрөтү бар значокторду тагынып жүрдү…
“Президент кут болсун!” деген сөз карапайым америкалыктардын күн деми сөзүнө айланды…", - деди Раев.