www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев менен Бакиевдин келишинен биз утабыз, ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Бул тууралуу жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдириди.

Анын айтымында, Бакиевди кечире турган эч кандай себеп жок, тескерисинче Бакиевден кечирим сурап алып келишибиз керек.

«Акаев менен Бакиевди намыс үчүн болсо да өлкөгө алып келишибиз керек.

Кыргызда: «Султан сөөгүн кордобойт» деген улуу сөз бар. Эмне, биз өзбек элинче эмеспизби? Кыргызстанга бүлүк салып, түштүктө миңдеген үй бүлөнүн жаздыгын куруткан сепаратист, фашист Кадыржан Батыровду өзбек улутунан болгондугу үчүн, өзбектер өлүгүн сыртта калтырышпай алып келишип Өзбекстанга коюшту.

Садыр Жапаров: «Эл кечирсе алып келебиз» дептир. Бакиевди кечире турган эч кандай себеп жок, тескерисинче Бакиевден кечирим сурап алып келишибиз керек. Себеби ал Акаевдин он беш жылдык башкаруусунан кийин шал болуп калган өлкөнү бутуна тургузуп, экономиканы көтөргөн.

Ал эми баардык кесепеттин башталышына күнөөкөр болгон Акаевди давно кечиргенбиз. Себеби, Атамбаевден кийин Акаев көзүбүзгө «аппак» адам болуп эле көрүнүп калган. Анын үстүнө анын дүйнөлүк денгээлдеги ученый экенин эсепке алсак, мүмкүн өлкөгө пайдасы тиер.

Албетте Бакиевдин атын укканда, чок баскандай чоочуп кетчү жугундукорлор бар, борбор жакта. Бирок былтыркы хан сарайдагы кылыктарынан кийин, алардын оюн эч ким эсепке албаш керек. Алардан сураштын өзү акмакчылык.

Акаев менен Бакиевдин келишинен биз утабыз, ушуну эстен чыгарбашыбыз керек», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости