www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында WhatsApp аркылуу компьютерден чалууга болот

WhatsApp мессенджери 2021-жылдан тарта тиркеменин стол версиясына үн жана видеочалуулар функциясын ишке киргизет. Бул тууралуу "Прайм" жазып чыкты.

Башкача айтканда, жарандар компьютерден да чала алышат. Декабрь айында WhatsApp бул опцияны айрым колдонуучуларга сыноо иретинде берген.

Пандемиянын экинчи толкуну ар кайсы өлкөлөрдөгү көптөгөн адамдарды үйдө отурууга мажбур кылып, ошону менен видеочалуулардын жана онлайн-байланыштын популярдуулугун арттырганы белгиленди.

Дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашуун колдонуучусу бар WhatsApp компьютердик чалууларды ишке киргизүү менен видеоконференция кызматтарын көрсөтүүчү Zoom жана Google Meet сыяктуу ири каражаттар менен теңтайлашууга ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости