www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суук тийгенде биринчи жардамды имбирден алыңыз

Күздүн күндөрү  иммунитетти чыңдоо  баарыбызга маанилүү. Ал үчүн рационубузга имбир кошуу пайдалуу чечим. Деги эле, аталган азыктын пайдалуу жактары менен биргеликте зыяны тууралуу маалымат беребиз.

Алгач, тарыхына көз чаптырсак, Түштүк-Чыгыш Азия имбирдин мекени деп эсептелет. Анын пайдалуу касиеттери адамга 5 миң жылдан ашуун убакыттан бери белгилүү. Азыр өсүмдүк Индияда, Кытайда, Австралияда жана башка өлкөлөрдө өстүрүлөт. Жапайы жаратылышта имбир дээрлик кездешпейт. Имбирди тамак-ашка гана колдонуп тим болбостон, акча катары колдонушкан. Себеби ошол учурда наркы абдан кымбат болчу. Адатта,  азыктын тамырын кургатылган, жаңы жана  туздалган түрүндө  колдонулат. Бара-бара имбирдин дарылык касиети байкалып, алар изилденип, тамак-аштан ууланган жана жугуштуу инфекция менен ооругандарга дары катары жазып беришкен

Имбирдин пайдасы

Курамында витаминдер, минералдар жана эфирдик майлар бар. Имбирдин эң белгилүү касиеттеринин бири - тамактан уулануу, жүрөк айлануу жана кусууда жардамы эбегейсиз. Магнийдин көп болушунан организмдеги уулардын чыгышы тездеп, нерв системасынын абалы жакшырат. Пектиндер жана клетчаткалар перистальтиканы жана тамак сиңирүү ширелеринин активдүү бөлүнүп чыгышын стимулдаштырат. Натыйжада газдын чыгышы азайып, зат алмашууну тездетет. Имбир канды суюлтуудагы жардамы абдан чоң. Тамырлардагы кан айланууну жакшыртып, кан уюп калуу коркунучун азайтат. Суук тийгенде, мурундун бүтүшүн азайтып, С жана В витаминдеринин көптүгүнөн иммунитетти активдештирет.

Кимдерге зыян?

Ашказандын жана ичегинин былжыр челин дүүлүктүрөт, андыктан жара, гастрит, геморрой же колит менен жабыркагандарга  колдонууга тыюу салынат. Эгер органдар жабыркаса, боорго жана өт баштыкка зыяндуу. Цирроз, гепатит, бөйрөктөгү таштар имбирди колдонууга каршы көрсөтмө болуп саналат. Эгерде сизде кан басымдын көтөрүлүшү жана жүрөк көйгөйлөрү бар болсо, анда бул татымалдан баш тартуу керек. Маринаддалган имбирдин жаңы же кургак татымалга караганда пайдасы аз. Адатта анын курамында көптөгөн жасалма кошулмалар, шекерлер жана боёктор бар болгондуктан шишикке жана кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келет.

Имбирди кантип тандап, сактоого болот?

Жаңы имбирдин тамырын сатып алууда аны кылдаттык менен карап чыгуу керек - өсүмдүк кургап калбашы керек. Ошондой эле булганган жана көгөргөн тамырларды алуудан алыс болуңуз. Имбир муздаткычта жашылчалар тартмасында бир нече жума сакталат, бирок териси сыйрылып алынган болсо, ачык бөлүгүн полиэтилен менен ороп же идишке салып, бир жуманын ичинде колдонуңуз. Кургатылган имбирь пакеттерге салынган татымал катары сатылат. Ачкандан кийин, таңгактын оозун сөзсүз жаап колдонсоңуз  жыпар жыты көпкө сакталат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости