www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун экс-губернатору менен маек.
- Тажикстан менен чек ара боюнча протоколдун негизинде Тажикстандын Хожаи Аъло менен Ворух анклавын байланыштырган жаңы жолдун курулушу башталганы калды. Бирок, бул жол менен биз өзүбүзгө коркунучтарды жаратып жатканыбыз айтылууда. Анда кандай мүчүлүштүктөр бар?
- Жалпысынан алганда, чек ара боюнча кабыл алынган протокол өкмөттүн стратегиялык катасы болду. Муну менен биз өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө, коопсуздугуна чоң коркунуч жаратып алдык. Протоколдо көрсөтүлгөн жол курулган соң, Баткендин жарымы анклавга айланышы толук мүмкүн.
Биз ал жолду эки тарап биргелешип куруп, бирок колдонууну аларга берип жатабыз. Башкача айтканда, тажиктер ал жерге толугу менен ээлик кылууга өткөнү жатышат. Мындан сырткары, транспорттун тоскоолдуксуз өтүшүнө өбөлгө түзүлүп жатат. Муну менен эртең алар курал-жарак алып кирбейт дегенге кепилдик жок.
- Протоколдо 1924-27-жылкы карталар колдонулары белгиленип атпайбы. Анын негизинде Мургаб Кыргызстандыкы болуп эсептелинеби?
- Протоколдо көрсөтүлгөн терминдерге таянсак, анда Тажикстандын кызыкчылыгына басым жасалып жатат.
Башкача айтканда, жол ачуу менен бизге азыркы кезде таандык жерибиз, ошол 1924-27-жылдардагы картада көрсөтүлгөн биздин эле жерге алмашылып калуу коркунучу бар. Мунун негизинде азыркы бизге таандык жерлер дагы «талаштуу» делген аймакка кирет дегенди билдирип жатабыз.
Булак: Азия News гезити