www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комитетине (БШК) каршы доо арыз менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылды.
Белгилей кетсек, БШК Айжигитовду 28-мартта депутаттык мандатынан ажыраткан. Буга УКМКнын кайрылуусу негиз болгон. УКМК кайрылусунда Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айтып, Айжигитов талапкер болуп катталуу үчүн БШКга кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгону маалымдалган.
Ал эми Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин билдирген.
Эске салсак, Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп «Ыйман нуру» партиясынан шайланган.
Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге карата өз пикирин билдирип, бир катар сунуштарды айткан. Бул билдирүүсүнөн кийин ал «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Ал эми парламенттин 19-марттагы жыйынында Камчыбек Ташиев Айжигитовго байланыштуу да бардык маалыматтарды факт менен топтогонун айткан. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу БШКга маалымат берүүгө милдеттүү экени мыйзамда жазылганын, бул тууралуу маалыматтар аныкталган чакта депутат мандатынан ажыратыларын кошумчалаган.