www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кооптуулуктун чегине жетти, деп эсептейт депутат Султанбай Айжигитов. Мындай пикирин ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, комиссиянын максаты күнөөлүүлөрдү издөө эмес жана эмне үчүн Кыргызстан 30 жылда коңшу мамлекет менен мамилеси мынчалык деңгээлге жеткенин изилдөө экенин билдирди.

«Ошолордун «оорусунун» себебин тапкандан кийин, бул багытта стратегиялык саясатты иштеп чыгышыбыз керек. Мындан ары жөн эле чыр-чатак чыкканда эле, чыгып, барып, ошол жерде басып койгон бул жарабайт, болбойт.

Себеби деген, бүгүнкү күндө чыр-чатактар жогорку деңгээлге чыгып кетти. Ал спецслужбалардын спецоперациясына айланып кетти. Ошондуктан, ушул комиссияны в срочном порядке түзүш керек», - деди Айжигитов.

27-январда тажик аскер кызматкерлери Ош — Баткен — Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы бөлүгүн жаап салышкан. Тажик тарап Кыргызстандын аскер кызматкерлери турган жерди минометтор менен аткылашкан.

Чек арадагы окуядан улам жалпысынан 11 052 адам эвакуацияланган.

28-январда Кыргызстан менен Тажикстан аскерлерин чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Ошондой эле эки тарап чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин кайра баштоо чечимин кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости