www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Султанбай Абдрашитович, акыркы кездерде “кыргыз-тажик чек ара маселеси үчүнчү өлкөнүн ортомчулугусуз чечилбейт” деген пикирлер айтыла баштады. Сиз буга кошуласызбы?

- Сырттан бизге ортомчу болбосо, бул маселе чечилбейт. Эң башкы маселе, ортомчу калыс болууга тийиш. Эгер ортомчу да өзүнүн кызыкчылыгы менен келе турган болсо, туура эмес жагына кетип калышы мүмкүн.

- Буга чейин эки өлкө тең “чек ара маселесин үчүнчү тарапты аралаштырбай, өзүбүзчө чечебиз” деген позицияны карманып келишпеди беле?

- “Өзүбүз чечебиз” деген менен бир жыл арасында эки согуш чыкпадыбы! Каяктан өзүбүз чечебиз? Чечпей эле кайра күчөп атпайбы тирешүү. Анан мен дагы бир жолу айтып койгум келет, көйгөйлөрдүн булагы жалаң эле посттор же чек ара эмес. Тажикстандын расмий жүргүзүп жаткан саясаты. Бүт тополоңдордун, тирештердин булагы ошол жерде болуп атпайбы. Алар расмий саясат катары бизге 2 миң 110 чарчы километрге аймактык доомат коюуда. Бүт баары алардын ошол саясатында болуп жатат.

Ошол дооматтан баш тартмайынча тирешүү боло берет. Бул дооматтарды биз кандайдыр бир рычагдар менен же дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен жокко чыгарышыбыз керек. Эмне үчүн Россия? Башка эч ким ортомчу болгусу келбей жатпайбы. Мисалы, ЕККУ, БУУ бар. Алар унчукпай эле отурушат.

- ЖККУ же ШКУ сыяктуу өзүбүз мүчө болгон уюмдардын ортомчулугу дурус болобу?

- Албетте. Кандайдыр бир комиссия түзүп, же кыймылдар болуш керек да. Эки тарап өзүбүзчө сүйлөшкөнгө Тажикстан каалоосун көрсөтпөй жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости