www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Бактурсун Жоробековго кол салган экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган 22 жаштагы А.А. Ленин райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге киргизилди.

Буга чейин ушул эле факты боюнча кылмышка шектүү 2000-жылы туулган А.К. кармалган.

Эске салсак, Super TV журналисти Бактурсун Жоробеков октябрь айында сабалган. Ал кол салууну кесиптик ишмердүүлүк менен байланыштырат. Жабырлануучунун айтымында, буга чейин редакцияга белгисиз адамдар коркутуп телефон чалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости