www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим сапары

Философия илиминин доктору Рахат Ачылованын өмүрүнүн маңыздуу күндөрү туурасында уулу Адам Бейшенаалы менен баарлаштык.

- Мыкты адис өзүнүн баасын жакшы билет, себеби ал кызмат акысынан жогору турат. Элибиз Рахат Ачылованы өз кесибинин мыктысы катары таанып калды...

- Туура. Апам алгачкы эмгек жолун, 1966-жылдан баштап Улуттук университетте социология лабораториясынын жетекчиси, кафедра башчысы болуп иштеп баштаган. Илимий докторлугун Ленинград шаарында  жактаган. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз келиндер институтунун ректору, 1995-2000 жылдары Жогорку Кенештин депутаты болгон. Илимий мектебинен 3 илимдин доктору, 11 кандидат даярдап чыгарган. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө (АКШ, Франция, Бельгия, Индия, Иран, Малайзия, Бангладеш, Финляндия, Турция, Болгария, Австрия, Англия ж.б.) өткөн илимий форумдарда Кыргызстандын философиясы, социологиясы, учурдагы саясий процесстер жөнүндө англис тилинде эркин сүйлөп, доклад окучу эле. Бир канча монграфиялар, китептер, жүздөгөн илимий макаларды жазган. Өкмөт тарабынан “КР билимине эмгек синирген ишмери" деген наам берилген.

- Апаӊыз Рахат Ачылова кыргыздын бир окумуштуу кызы болуп элдин эсинде кала берди. Энелик мээрими туурасында токтоло кетсеңиз?

- Бир туугандарым айткандай, эне катары бизди руханий жактан тарбияласа, атабыз Эркин интеллектуалдык жакка көбүрөөк көңүл бурчу. Байтели деген небереси келип, кантип акылдуу болуш керек десе, апам: “Акылдуу болуунун эки эле түрү бар, акылдуу кишилер менен көбүрөөк маектешүү, экинчиси китептерди көбүрөөк окуу керек....” - деп акыл-насаатын айтып калаар эле.

- Сиздин мүнөзүӊүз атаӊызга окшошпу же апаӊызгабы?

- Раматылык апам айтчу, мүнөзүң чоң атаңды тарткан деп. Бейшеналы чоң атабыз Асылбаш айлынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Чоң атам адамкерчиликтүү, чынчыл, билимдүү жана акыйкаттуу зор инсан эле. Айылына кадыры сиңген, айылдаштары "молдоке" деп сыйлачу. Мени чоң атам менен чоң энем тарбиялаган. Асылбаш айлында элдин демилгеси менен Киров орто мектеби Бейшенаалы атындагы мектеп болуп калды.

- Мугалимдик кесип ооз учунан айта салганга оңой көрүнгөнү менен ары, татаал, ары түйшүктүү. Апаңыз  Рахат Ачылова өмүрүнүн акырына чейин мугалимдик кесипти аркалап, студенттерге билим берип келди. Үйдө кандай эне эле?

- Апабыз беш маал намаз окучу, айтып калчу, намаз аң сезимди өз ордуна келтирет, көңүлдү көтөрөт, ниетти, пейилди түзөйт деп. Меккеге да зыярат кылып, ажалык сапарга барып келген. Акыркы убакта үйдө олтуруп эс алыныз, неберелер менен алектениниз десек, ийнин кагып, кулуп «Үйдө олтурсам картайып кетем, тез эле кемпир болуп калам, студенттер дагы менин балдарым, рахаттана алар менен сүйлөшүп, талашып-тартышып жашарып турам» деп жылмайып койчу. Үйдө апабыздын жаны тынбайт эле. Убакыт тар экенин, аз калганын билип-сезгендей, бир нерсени бүтүрө албай калам дегендей, бир жерде олтура албай, бир күндө  бир топ жумуштарды бүтүргөнгө үлгүрчү.

- Ашкана жыты бир башкача, андагы тамактын жыты кандай даамдуу. Апаңыздын кайсы тамагы өзгөчө эсиңизде калды?

- Апам бизге оромо, манты, чүчпара, палоо, каттама жасап берчү эле. Өзгөчө эсимде калганы оромосу жана чык кайнатканы, анткени кичинекей кезде биз дагы жардамдашчубуз.

-  Адам болуу ата-эненин тарбиясынан экен...

- Азыркы деңгээлге жеткенибизге атам менен апамдын эмгеги зор. Атам Эркин Борбиев айткан насаатынан корутунду чыгарсак деле болот: "Жакшылык кылсаң, пенделерден күтпө, Жараткандын чоң белеги күтүп турат”, “Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба”, “Убадага  бек тур, курулай сөз  бербе”, “Кишиге кандай мамиле кылсаң, башкадан так ошондой мамилени күтөсүң”, “Эч качан жок дебе  -  Жараткан  жокчул кылып койот”, “Эч качан кайгырба, анткени - бул күндөр  да өтөөр кылчайып”. Атам Эркин Борбиев апам Рахат Ачылованын уулу болуу мен үчүн чоң сыймык.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости