www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

- Кесип сизди тандадыбы же…?

- Мен кесипти тандагам. Бала кезден эле актриса болууну кыялданып, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы 2 жылдык студияга тапшыргандын күнү бүгүнкүдөй эсимде. Галина Ибрагимова баш болгон жана бир топ мугалимдер кароо-сынагын өткөрүп жатышат. Мен кирип Ажардын монологун образга берилип айта баштаганда эле, Галина эже: «Ай кыз, токтот, студия ачылгандан бери Ажарды уга берип кийин түшкө кирчү болду…» десе болобу.  Тамсилден Балтекти баштасам анда дагы токтотту. Бир ырды ыдай баштаганда эле дагы токтотту. Эми өтпөй калдым го деп сыртка чыктым. Эртеси жыйынтыгын угузаарда Галина эжебиз дагы күлдүрттү. Ал: «Азыр кимиӊердин фамилияӊар чыкпай калса эсиңер ооп, «тез жардам» чакыртканыӊарды токтоткула…» деп өктөм айтты. Кудайдын буйругу менен ошентип окууга өткөм.

- Орустун көрүнүктүү актёру Александр Демьяненко (Шурик) кинорежиссёр Гайдайга өмүрү өткүчө капаланып, олтуттуу ролдорду ойнобой арманда өтүп кетпедиби.  Эмне үчүн режиссёрлор актёрлорду бир эле фактурадан көрө беришет?

- Ар бир режиссёрдун өз почерки бар да. КРнын эл артисти Бакирдин Алиев көбүнчө комедия жанрын аткарчу. Режиссёр өзүн сынап көргүсү келдиби, айтор Бакирдин абага «Курманбектеги» атасы Тейитбектин ролун берген. Эгер бир эле жанрды ойной берсеӊ штамп болуп калат. Ошондон качуу керек. Мен комедияны ойносом ошого элдин көзү дагы көнүп калат. Бул биз үчүн татаал нерсе. Актриса болгон соӊ, олтуттуу ролдорду аткаргым келет.

- Чындыгында эл сизди комедия жанрында көрө берип көнүп калган. Кыялыӊызда олутту образдар барбы?

- Албетте. Актриса болгон соӊ, бардык жанрда ойной билишиӊ керек. Садык Шер-Нияз тарткан «Курманжан датка» тасмасында баланын жеӊеси болуп аткарганым бар. Бирок трагедияны чыгарганга караганда комедияны чыгарыш өтө оор. Кээ бир актрисаларга комедия жанрдагы роль такыр жарашпайт, окшоштурганга аракет жасайт, бирок бекер убараланат. Кыргызды күлдүртүш кыйын. Себеп дегенде сынаганга уста эмеспизби.

- «Сакиш-Бопуш тандеми качан түзүлгөн?

- 1991-жылы Каракол театрынан Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына келгенбиз. Драматург Мар Байжиевдин сатирасынан алынган. Бактыгүл-Акиш, Гүлмира Турсунбаева-Гүкүш, мен Сакиш, Марат Жанталиев-Бопуш болуп элди кыраан каткырыкка салып алгачкы интермедиябызды койгон элек. Ошол күндөн тарта ажырагыс жуптар болуп калган элек, ажал улук экен мени жетимсиретип алып кетти.

- Раматылык Марат ага экөөӊүздөрдү чыгармачылыктагы жуптар деп да атап да жүрушчү…

- Ооба, антип атагандын дагы чындыгы бар. Бир театрда иштеп, той-топурга дагы чогуу барсак. Канда ищ-чара болбосун бизди бирге көрүшөт. Бирок Мараттын жакшынкай үй-бүлөсү менен карым-катыштабыз. Асель аттуу кесиби мугалим татынакай жубайы, үч баласы бар.

- Жашоонун маӊызы эмнелерден турат?

- Жашоонун маӊызы элдин адамы болгон соӊ, элдин баары сенин кыймылыӊды, турган-турпатыӊды, жасаган ишиӊди мейли көчөдөнбү же сахнаданбы карап турат. Эл алдында жүзүӊдү жоготпой тургуӊ келет, мен ошого көп аракет кылам.

- Өзүңүзгө жаккан мүнөзүңүз кайсы?

- Өзүмө шатыра-шатман жүргөнүм жагат. Ар бир күндү майрамдай өткөрсөң, жашооң жалаң жашыл түскө айланары бышык. Эгер адам аз кайгы-капага малынбаса, жашоосу узак болот экен. Баскан кадамың да гүлгө оронуп турушу керек. Өзүмдү-өзүм өтө жакшы көргөндүктөн, жакпаган сапатым деле жок экен.

- Иш жүзүнө такыр ашпай турган кыял?

- Космоско барбай калышым болсо керек, тамашалайм. Бир гана мен эмес, адам баласынын ишке ашпай калган кыялы-бул дүйнөдө түбөлүк жашабай калышы деп ойлойм. Эртең эмне болорун, качан о дүйнө салышыбызды эч кимибиз билбейбиз. Жалгыз гана Жараткан өзү билет. Бешенеге жазылган жакшы күн болобу, же жаман күн болобу баарына Кудайга шүгүрчүлүк келтирип жашаш керек.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости