www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Анкарада Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү

9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Анда лидерлер сөз сүйлөп, Жапаров Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Форум буга чейин Анкара шаарында уюштурулуп, Айтматовдун ааламы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өткөн.

Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун өткөрүү туурасында 1986-жылы демилге көтөргөн.

Ошондой эле мамлекет башчылар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Көргөзмөнү Анкарадагы элчилик уюштуруп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты, жаратылышы жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган сүрөттөр коюлган.

Садыр Жапаров Түркияга расмий сапары 9-июнда башталды. Алдыда эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иште

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости