www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арча-Бешик жаңы конушунун Эр-Тайлак көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүн куруу толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тармактардын жалпы узундугу 510 метрди түзүп, таза суу 258 турак үйгө кирет.

“Курулуш иштери шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлү астында жүргүзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын конкурсунун жыйынтыгында «Гигаком» курулуш компаниясы подрядчы аныкталган. Келишим боюнча курулуш иштеринин наркы 2 миллион 305 миң 377 сомду түздү. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости