www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамотасынын ээси  Арнис Кыдырмышевден маек алдык.

-  Актёрдун мыктылыгы режиссёрдун жүзү тура. Сиз иштешкен режиссёрлор тууралуу билсек...?

- Медалдын эки жагы бар дегендей, режиссёруң жакшы болсо актёрдун мыктылыгы ошондо көрүнөт. Көп эле режиссёрлор менен иштештик. Менин устаттарым: КРнын эл артисти Арсен Өмүралиев, Замир Сооронбаев, КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев. Казак элинин эл артисти Парманов жана Орто-Азия боюнча таанымал атактуу режиссёр Арзу Абдразаков. Тажикстандын режиссёру Солтон Усманов, Давлет Убайдуллаевдер чыгармачыл жолумда зор салым кошту.

- Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн...

- Өзүмдү таланттуумун деп эсептегенден алысмын, канчалык деңгээлде таланттуу экеним эл сынында, эл баасында. 99%эмгек жана 1 % талант деген сөздүн өзү чындык.

- Чарчооңузду кантип алдайсыз?

- Кесибиңди ушунчалык катуу сүйсөң чарчоону деле унутуп коёт окшойсуң.

- Сүйүү сезими керемет сезим дешет. Мына ушул сезимди билдирүү оңойго турбасы чынбы?

- Албетте, сүйүү сезимди билдирүү оңойго турбайт, кайсы убакта билесизби? Эгерде каршыдагы   назик аялзатына чыныгы сезим жашаса гана. Альбинага сүйүүмдү билдиргенге көп жылдар талап кылынганын жакшы билем. 

- Адамдын жакынынан өтөр сынчысы жок дешет. Сиздин көз-карашыңыз?

- Жакын адамың гана сен үчүн күйүп-бышат. Мен ушунчалык Кудайга миң мертебе ыраазымын, себеби менин кесибими түшүнгөн өмүрлүк жарым мени  менен  кесиптеш болгонуна. Бир-бирибизге аткарган ролдорубузду майда-чүйдөсүнө чейин сын көз-караштарыбызды ачык-айкын билдиребиз.

- Деңизди сүйсөң толкундарын кошо сүй, учкуң келсе кулаганды да бил. Жашоодон коркуп жашасаң ийгиликтен кол жууп калышың турган кеп деп бир ойчул айтыптыр. Сиздин пикириңиз кандай болду экен?

- Деңиз деп мен театрды элестетем. Театр-мен үчүн чоң, зор дүйнө! Бул дүйнөдө ар кандай оош-кыйыш, талаш-тартыш, жашоонун ысык-суугу,  жыргалы жана кууралы, кубаныч-кайгысы мына ошонун баары   камтылганы менен дүйнө кызыктуу.  Негативди ары сүрүп, позитивге чакырык жасоо менен биргеликте  “Алга!”  деген ураан менен жашап келем. Театр мени сыйкыр дүйнөнүн жандырмагын ачканга  үйрөттү.

 Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости