www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы тапта социалдык тармактарда коронавирустун «омикрон» штаммынын жазуусу бар баштыкчалар чоң талкуу жаратууда.
Ал баштыкчалар аэропортто тартылганы айтылууда. Ал эми аны самолёт менен атайын чачып жатат деген кептер желдей тарап, коомчулук дүрбөлөңгө түштү.
Азыркы тапта бул маалыматтын канчалык чын экени тактала элек.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. 12-январда, өлкөдө биринчи жолу вирустун «омикрон» штаммы катталды.
Эске салсак, пандемия учурунда Кыргызстанда «коронавирусту жайылтуу үчүн асмандан суюктук чачылып жатат» деген сөз тарап, кийин тиешелүү органдар бул маалыматты четке каккан.
Булак: NazarNews.kg