www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун "Сосновка" постунан 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалды. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-сентябрда саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда 20 жаштагы кызды ала качып кеткендиги тууралуу маалымат укук коргоочуларга келип түшкөн. Анда белгисиз жарандар Ауди үлгүсүндөгү унаа менен кызды ала качып кетишкен.

"Чүй облусу боюнча "Перехват" планы жарыяланып, "Сосновка" постунан Ауди унаасы токтотулду. Унаада кыз менен бала бар экени аныкталды. Алгачкы суракта белгилүү болгондой, кызды эркине каршы никелешүү үчүн Токтогул районуна ала качып бара жатышкан.

Учурда 1998-жылы туулган жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинди, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости