www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолку шайлоодо облус райондордо көрүнгөн жерге баннер, плакат илүү деген жок. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине окурман билдирди.

«Азыр шайлоо өнөктүгү бир кыйла татаалдап калды. Мурункудай көрүнгөн жерге баннер, плакат илүү деген жок. Ал үчүн патент алып, келишим түзүү, салык, соцфонд төлөмдөрү сыяктуу ашкел ташкелдери бар. Ошол себептүүбү айтор талапкерлердин жол боюнда илинген сүрөтттөрү мурунку шайлоолорго караганда сейрек.

Ошентсе да бизди таң калтырган бир көрүнүштөргө күбө болдук. Ноокен бир мандаттуу №16 шайлоо округунда Бакыт Сыдыков деген талапкер бар. Анын баннерлери, плакаттары даракка, жыгачка, бүтө элек тамдарга, коргондорго илингенин байкадык. Кызыгып сураштырып да көрдүк, эч кандай келишими, патенти жок эле илинген сүрөттөр экен.

Сөзүм кургак болбош үчүн факт келтире кетейин. Мисалы, Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай айылында курулуп бүтпөгөн үйдүн дубалына илинген Бакыт Сыдыковдун баннери турат, ал үйдүн техпаспорту да жок экен. Кандай кылып патент алып, келишим түзгөндүгү белгисиз. Андан бери келгенде трассанын боюнда, Кызыл-Туу айылында терекке, рейкага мыйзамсыз илинген баннерлерге күбө болдук. Мындай көрүнүштөр Шайдан айыл өкмөтүнүн Масы, Бирлик участкаларында учурайт.

Шайлоо кодексиндеги мыйзамдарды мындай одоноо бузуу менен шайлоого баруу бери дегенде сабатсыздык, андан өтсө атайылап тоготпоочулук, акчасына чиренгендик эмей эмне. Бакыт Сыдыков эмне мыйзамды түшүнбөйбү, же атайылап эле тоготпой жатабы? Эгерде тоготпой жатса, анда артында ишенгени, коргоочусу ким?!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости