www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Балбак Түлөбаев иштебей эле өзүн пиарлап жүрдүбү?

Кечээ Чүй облусунун, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары кечээ Бишкек шаарынын мэриясынын алдына  митингге чыгышты. Мурдагы мэр Балбак Түлөбаевдин Facebook баракчасындагы түз эфир аркылуу айткан сөздөрүнө нааразы болушкан.

Ал  жеринде барып “Көк-Жар айылындагы айдоо жерлерди мыйзамсыз басып алып, турак-жай куруп, кык төгүп булгап жатат, жерлерди да сатышууда”,-  деп аларга каршы чара көрөөрүн билдирген. 

Ал эми митингдин катышуучулары ал жерге шаардык мэриянын тиешеси жок экенин белгилеп “өзүнүнүн ишин кылсын, өзүн пиарлоону токтотсун”  деген талаптарды коюшту. Жыйынтыгында Балбак Түлөбаев миттингчилерден кечирим сураганын айтышкан. 

Айрым шаар тургундары Балбак Түлөбаевди иштебей эле өзүн пиарлап жүргөнүн айтып нааразы болушууда. 

--"Түлөбаев иштебей эле өзүн пиарлап жүрдү, бир көрүнүктүү иш кылган жок. Шаардын көчөлөрү таштандыга айланды", - деп жазышкан тургундар.

Ал эми Балбак Түлөбаев кызматынан кетти. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости