www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөрүбашев: «Президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат»

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент эки мөөнөт менен 10 жылга шайлана алат. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев айрым маалымат булактары билдирген. 

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигин да жетектейт. Мамлекеттик масштабдагы программаны, реформаны ишке ашырууга 5 жыл тардык кылат.

«Президент кааласа 5 жылга чейин деле кызматтан кетсе болот. Эгерде милдетин аткара албаса, кызматтан кетет. Президентке импичментти Жогорку Кеңеш жарыялайт. Башмыйзамдын долбоору боюнча парламентке бир топ укук берилди. Ал эми президенттин Жогорку Кеңешти таратканга укугу жок. Биз балансты сактоого бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшадык», - дейт Бөрүбашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости