www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы замандын көйгөйүн какшап жазган, бүтүндөй бир поэмалардын циклын жараткан эл акыныбыз – Меңди Мамазаирова. Анын “Тур, улуу Журт”, “Бир сабак”, “Энелер үнү”, “Элим, ай!” публицистикалык поэмалары окурмандарды кайдыгер калтырбаган, жүрөктү титиреткен көркөм дүйнө. “Эр эмесмин, Эрди тууган энемин. Элим үчүн, Эр өстүрүп келемин…” – деген ыр саптарынан кубанычты да, кайгыны да жүрөгүнүн элегинен өткөргөн, уул төрөгөн эне эле эмес, көркөм дөөлөт төрөгөн эне-жазуучу деп билүү абзел деп эсептейм. Эненин да, эненин аты менен көркөм дөөлөт жараткан эне-жазуучунун – Меңди Мамазаированын атуулдук ынанган ишеним – кредосу, жазуучулук мекенчил позициясы так ушундай. Меңди – акын, прозаик, драматург жазуучу, деп Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис АБАКИРОВ айткандай Меңди Эне Камчыбек Ташиевге ырын арнады.

Кыргыздын мандайына жанган,  жылдызы, эл уулу Камчыбек ТАШИЕВГЕ

Энең сени ак бешикте терметкен,

Эр болсо! – деп атаң жүрөк дегдеткен.

Эл камчысын чаап берер бекен деп,

Тилек менен КАМЧЫБЕК деп ат берген.

 

Тырмактайдан өсүптүрсүң тиргарак,

Жалтаңдабай, досторуңа тик карап.

Кайрат байлап, эки кашың дөңдөнүп,

Мүнөзүңө айбат жыйып, жар кабак!

 

Бооркердик, келген эне сүтүнөн,

Камчы-мүнөз, келген ата күчүнөн.

Ата-Мекен! Эне – Мекен биригип, –

Өткүр кылган Сени канжар мизинен!

 

Оттон чыктың, өрттөн чыктың бүкүлү,

Элге арнадың жаштыгыңды, күчүңү.

Чоң сыноодо, алга койгон максатың, –

Керек эле Мекениңдин бүтүнү!

 

Эл душманы — жегичтердин жолун бууп,

Сууруп жаттың, кекиртектен алкымын.

Келемиштей… Жыйганынан колун жууп,

Ичин тырмап, төгүп жатты алтынын…

 

Жаш өмүрүң күрөш менен чуулган…

Элиң үчүн көп жылыңды короттуң.

Эрлер үчүн ар-намыска туулган, –

Арасынан чыгып келүү өрт, оттун!

 

Анын баары күч келтирет жүрөккө,

Ал эсеси – Жетүүдө го тилекке!

Эне тууган эрлер барда жашоодо, –

Тынчтык болот, сүйүү болот Мекенде!

 

Элиң күтөт, аман келгин, Камчыбек,

Душман мизин кайтаруучу камчы деп, –

Кагылайын, кыргызымдын кырааны, –

Сен бүтүрчү далай, далай иштер көп!

 

Камчыбекке узун өмүр каалайлы,

Эм болсо экен, чоң Кудайдын шыпаасы.

Эл уулуна тийсин Ата алкышы, –

Энелердин жетсин, дуба, батасы! Ооомииин!

Менди Мамазаирова, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости