www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР атуулу Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын бири. Мамлекетте оор кырдаалда Бекназаровго кайрылып кеңеш сурабаган бир дагы саясатчы жок. Акыркы убакытта КР Президенти Садыр Жапаровго алыстан кайрылуу жасап, тынчсызданып келүүдө. Тилекке каршы коомчулук Бекназаровдун пикирин ар кандай кабыл алып жатканын айтып, кайрадан кайрылуу жасады.

«Акыркы күндөрү айрым сайттар жана ММКлар, менин өлкөбүздө болуп жаткан саясий жаңылануу жана жаңы Конституциянын долбооруна байланыштуу ой пикир, сунуштарымды айтканымды башкача түшүнүппү, же атайын бурмалаппы, айтор «Бекназаров мамлекеттик кызматчынын этикасын бузуп жатат» - дегендей сын айтышууда.

Урматтуу журналисттер, мен «NazarNewsка» Жумалиевдин камалышы же Ташиевдин жүргүзүп жаткан иш-аракеттери боюнча бир да жолу атайын интервью берген жокмун. Айрым сайттар ошондой маалыматты чыгарып жатышат. Мен «NazarNews» маалымат агенттиги аркылуу мамлекетибиздин, улутубуздун эртеңкисине байланыштуу маселелер боюнча кайрылуу, сунуштарымды чыгарып жүрөм.

Акыркы жолу президентибизге атуул катары кабыл алынганы турган жаңы Конституциянын долбоору боюнча өз сунуштарымды «NazarNews» малымат агенттиги аркылуу бердим. Президентибизге «кеңеш» берген жокмун, андай укугум жок, өз сунуштарымды өтүнүч катары бердим. Ал жерде кеп Ташиев жөнүндө эмес, убагында Атамбаев мыйзамсыз түзгөн АКС жана УКМКга берилген тергөө ыйгарым укуктары жөнүндө болуп, кызматтык кылмыштарды тергөө иштерин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин тутумуна кирбеген Башкы прокутурага кайра берилишин же Россияныкындай өзүнчө тергөө Комитетин түзүүнү Конституциялык деңгээлде чечүү сунушу берилген. Элчинин президентке кеңеш бергенге же УКМКнын тергеп жаткан иштерине өз оюн айтканга укугу жок экенин мен абдан жакшы билем, бирок мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде элчилер, өлкөбүздө болуп жаткан аягына чыга элек Конституциялык реформа, жаңылануу процесстери боюнча атуул катары өз пикирин айтканга, сунуш бергенге укугу бар. Муну мен бир эле укук эмес, Кыргызстандын атуулунун ыйык милдети деп эсептейм. Кыргыздын мыкты мекенчил уулу, элибиздин коррупциядан тазаланышы үчүн башын сайып иштеп жаткан Ташиевге моралдык, саясий жардам көрсөтөбүз десеңер, ал өзү сурангандай дуба кылып, ден-соолугун, өмүрүн бир жараткандан тилеп туралы! Мен баарыңарды ошого чакырам!» - деди Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости