www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 6-февраль күнү Чоң-Алай районунун тургуну 36 жаштагы И.Д.  Чоң-Алай РИИБне арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал өз арызында 2021-жылдын 5-февралынан 6-февралына караган түнү өзүнүн үйүндөгү мал-сарайынан  малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, ууруларды таап, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы арыздын негизинде ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар 2021-жылдын 6-февраль күнү Чоң-Алай РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

 

Ош ОИИБдин, Чоң-Алай РИИБнин Криминалдык милиция  кызматынын кызматкерлери менен биргелешип, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, уурдалган малдарды Ноокат районуна алып барып кылмыш ишин жашыруу максатында сатууга даярдап койгон жеринен  Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 31 жаштагы С.И., 29 жаштагы Т.Н., 28 жаштагы Ж.И.  кармалды.  Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости