www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-ноябрда И.Е. «М» аттуу бейтааныш адамга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, шектүү 2019-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 12:00 чамасында жабырлануучунун агасына АКШга виза ачып берем деп убада берип, андан 3 миң доллар алган. Шектүү акчаны алгандан кийин качып кеткен.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелип 1980-жылы туулган У.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жаранга карата 12 арыз катталып, бардык фактылар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо милиция кызматкерлери менен 0 (312) 654-494, 0(312) 444-457, 0 (702) 035-106, 0 (700) 961-135номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости