www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь райондук Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары Н.Э.Д  4-ноябрда Көк-Жар айылында пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, айрым жарандарга акча уурдады деген жалган билдирүү боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Арызды кароону токтотуу үчүн моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жана оперативдүү айкалыштыруу жолу менен 80 миң сом талап кылган”, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») менен ЭПККга катталды.

Анын унаасын тинткенде ПМ, АК-47 үлгүсүндөгү гильзалар, «Өтө жашыруун» деген документтер жана Кыргызстандын жарандарынын бир нече паспорттору табылган.

Кармалган жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости