www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1- лицейи аябай начар абалда. Тазалык сакталбайт турат. Бул тууралуу Интернет колдонуучу Сара Камалова фейсбуктагы баракчасына жазып, нааразы болду. 

--"Новопавловкадагы Ч. Айтматов атындагы мектептин абалын карагыла, тазалыкты сактоого көңүл бурулбайт, санитардык абалына мышык ыйлагыдай, мышык эмес чычкан коңуз, таракан деле өкүрүп жиберетго муну көрсө...

Мектеп директору канча жылдан бери мектепти, мугалимдерди менчикке алгансып, түзүк мамиле жасабайт. Аталган мектептин мугалимдер "директордун жогорку кызматта иштеген тааныштары күчтүү үчүн, өзү билгенин кылып, өтүгүн төргө илип жатат. Завуч болсо эртеңки сабактын расписаниесин түнкү саат 23 - 50 дө группага жөнөтөт. Мугалимдер, окуучулар түнкү саат 12 ни күтүп уктабай отурабыз"  деп айтышууда.  

Кээбир мал сарайлардын абалы мындан түзүк. Бул жерди мектеп деп айтууга оозуң барбайт. Директорду, завучту текшерип, мектептин абалын жөнгө салуучу билим берүү министрлиги каякта жүрөсүңөр. дайыныңар барбы деги?! Кичине кыймылдап койгула", - деп мугалимдердин атынан жазган Камалова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости