www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунан гашиштин ири партиясы аныкталды

Ысык-Көл облусунан гашиштин ири партиясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, УКМК 2021-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңги заттарды ташуу жана сатуу, мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ысык-Көл облусунан 1991-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Е.К. кармалды.

Кармалган адамды жана унааны жеке текшерүү учурунда, кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар "гашиш", жалпы салмагы 400 граммдан ашык 29 брикет табылып алынган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Ысык-Көл районундук ИИБ тергөө камак жайынына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости