www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эң улгайган тургуну Натабай Тинсиу 127 жашында Чыгыш Африканын Эритреясындагы алыскы Азефа айылында көз жумду. Бул тууралуу Daily Mail агенттиги жазып чыкты.

Аксакалдын небереси Зере Натабай чындыгында чоң атасы 127 эмес, 137 жашта болгонун ырастайт. Бирок дин кызматчы айылдын узактыгынан карыянын 137 жашта болгондугун расмий каттай алган эмес. Ошентсе да, чиркөөгө Тинсионун туулган жылы 1894 деп жазылган.

Зере Натабай чоң атасынын өмүрүнүн узактыгы тууралуу маалыматты жаздыруу үчүн Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү менен байланышканын белгиледи.

Натабай Тинсионун туугандары чоң атасы өмүр бою мал чарбачылыгы менен алектенгенин, талыкпай эмгектенген боорукер адам болгонун айтышты.

Маалыматка ылайык, Гиннестин рекорддор китебинде эң байыркы адам япониялык Дзироэмон Кимура болгон. Ал 2013-жылы 116 жашында каза болгон. Ал эми бүгүнкү күнү жашап жаткан эң кары адам 118 жаштагы япон аял Кейн Танака болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости