www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Театр-жашоо күзгүсү
Кандай роль туш келбесин кыймылы менен гана аткарбастан аны аздектеп, жан-дүйнөсү менен берилип ойногон актёрду профессионал деп атайбыз. Ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн өткөрүп, каармандардын бир-бирине окшобогон кулк-мүнөзүн өтө кылдаттык менен ача билет. Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрёру Эржан Осмонов бизде конокто.
- Кесипти сиз тандадыңызбы же кесип сизди тандадыбы?
- Кесипти мен өзүм тандадым. Бала кезде кыялым эле. Ушул театрдын алдындагы окуу жайдын актёрдук бөлүмүн бүтүрдүм.
- Кандай кырдаалга туш болбоңуз эмоцияңызды жашыра билесизби?
- Бизде өзгөчө чыгармачыл кишилерде эмоция көп болот. Сын-пикир, ушак-айыңды сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылабыз.
- Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай сапаттарга ээ болуу керек?
- Эң негизгиси ошол максатка жетелей турган жол-каалоо болуусу шарт. Эгер каалоо болбосо, кыялданып не пайда?! Анда максатсыз жашоо кечирүүнун кызыгы бар беле. Андайларга караганда, балапандарга жем издеген куштун ою кымбат эмеспи. Андыктан өз максатка жетүү үчүн каалоо, чынчыл, чыдамкай жана эмгекчил болуш керек.
- Эгерде актёр болбой калсаңыз кайсы кесипти тандамак элеңиз?
- Аактёр болбой калсам улакчы болмокмун. Бирок түпкүрүмдө актёр болуу кыялым бар эле.
- Режиссёрдук жактан дагы өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?
- Режиссёрлук кесипти аркалоодо ага болгон жөндөм, билим керек окшобойбу. Мен өзүмдү ал жактан элестете албайм.
- Жолдошун көтөргөн дагы, түшүргөн дагы өмүрлүк жары деп айтып калышат экен...
- Келинчегим Махабат Асанбекова экөөбүз бир театрда иштейбиз. Жубайым дагы актриса болгондуктан, ар дайым мени колдоп келет. Чыгармачыл үй-бүлөлөр сөзү бир, ой-толгоосу бир болуп калат окшобойбу.
- Аздыр-көптүр элге таанылып калдыңыз кыялыңыздагы роль?
- Ролдорумдун көбүнесе баш каармандар. Аткарыла элек ролдорумдун баары-кыялдаргы ролдор.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg