www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

Бул каарманыбыз көп кырдуу актриса. Гүлайым Каниметова театрда аткарган ролдорунун саны бүгүнкү күндө 80ден ашып олтурат. Мына заманыбыздын залкары, улуу актрисанын бийиктиги. Сахна ажарынын улуулугу!

- Тагдыр бурулушу кандайча башталган?

- Бала кезден ырчы боломун деп борборго келип музыкалык окуу жайга тапшыргам. 2-курста окуп жүргөнүмдө, 1967-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театралдык окуу жайына (ГИТИС) кабыл алууну угуп, жүрөгүм туйлап аябай баргым келгени менен тарбия деген тарбия да атам өтө сүрдүү адам эле мени оӊою менен жөнөтпөйт го деген ой да болбой койгон жок. Үйдөкүлөргө кабар бербестен, кабыл алган жака барып көрдүм да, кезеги менен улан-кыздар кирип чыгып жатышты.

Бир убакта кийинкиси деди эле бирөө мени кийирип ийди.  Ошондогу залкарларыбыз М. Рыскулов баш болгон С. Күмүшалиева, Б. Кыдыкеевалар отурушкан экен. Муратбек агай: «Кир, сен эмнеге келдиӊ» десе, балалык сезим менен мен: «жөн эле» депмин. Ал: «...жөн эле деп коёсуӊ да, ырдайсыӊбы?» десе, мен ошондо ырдап, бийлеп да бердим. Ошентип Москвадагы ГИТИСтин студенти болуп калдым. Атам КГБда иштечү, өтө сүрдүү адам эле. Мени артист болобу деген атамды апам: “Кызыбыз өз күчү менен Москвадагы чоӊ окуу жайга өтүптүр” деп атамды араӊ көндүргөн.

Гүлдөгөн театр, эсте калган жаштык

Биз менен кошо режиссёрлукту бүтүп келген Искендер Рыскулов менен иштешип калдык. 6 жыл ичинде Ош драма театры болуп көрбөгөндөй гүлдөп турду. Москвагадагы театрдын кичи залында М. Горькийдин «Түпкүрдө», Б. Жакиевдин «Эртеӊ жаӊы жыл», М. Гапаровун «Күнөстүү арал» драмасы жана башка спектаклдерди коюп келдик. Бактыбызга Кыргыз ССРдин эл артисттери: И. Рыскулов, Б. Абдылдаев сыяктуу режиссёрлор туш келди.

Ош театрында иштеп жүрүп, КРнын эмгек сиӊирген артисти, КРнын эл артисти наамдарына татыдым. Мени ушул наамдарга ээ кылган М. Ауэзовдун «Каракөздөгү»-Каракөз, Н. Лесковдун «Мцен аймагындагы Макбет айымында» - Катерина Измайлова, У. Шекспирдин «Гамлетинде»-Гертруданын, И. Друценин «Ыйыктыктын ыйыгында» - Мариянын жана башкалар. Бирок ошол каармандарымдын өмүрү кыска экени өкүндүрөт.

- Ош драма театрында жалаӊ башкы каармандар бактысына буюрулган актрисаны Т. Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында дагы башкы каармандар күтүп турган экен. Албетте, бул сиздин тагдыр бурулушундагы күтүлбөгөн белек болгон чыгаар…

- Бир сөз менен айтканда менде арман жок. Мен өзүм каалаган каармандардын баарын аткардым. Түшкө кирбеген образдарды жараттым. Баарына шүгүр келтиремин. КРнын эл артисти Бообек Ибраев менен иштештим. Ал киши өз адисинин фанаты эле. Мыкты режиссёр, кынтыксыз иштеп, ар бир детальга көӊүл бурган талант эле. Т. Касымбеков менен К. Сактанов экөө биргеликте «Алай ханышасы» драмасын жазып, аны режиссёр Бообек агай сахналаштырган.

Бообек Ибраевге миӊ мертебе ыраазымын себеби, мага ишеним берип, датканын ролуна даярдаганда Курманжан энебиз тууралуу 37 макала алып келип, күндө бештен берип окутуп, кайра мени менен маектешип турду. Ар бир режиссёрдун өз почерки болот эмеспи, агай ар бир деталга чейин көӊүл бурчу. Анын өзгөчө өрт мүнөзү бар эле. Сын пикирин дагы айтчу. Бул жерде режиссёрдун таптоосу менен көп иштедик көп издендик. Кантсе да, адамдын ички көрөӊгөсү да чоӊ роль ойнойт тура. Образ өзүмө да көп нерсе берди, мени сабырдуулукка, токтоолукка, нарктуулукка тарбиялады. Образды түзүүдө ички карама-каршылык, сезимдердин чыӊалуусу, Курманжандын көз-карашы, образдын жан-дүйнөсүнүн татаалдыгын көрсөтүп турат.

Спектакль бышып жетилгенде, мына премьерасын коёбуз деп жатканда, Бообек агайыбыз дүйнө салды. Режиссёр өзү катышпай калганы өтө өкүнүчтүү. Агайдын койгону боюнча ушул убакка чейин сахналаштырылып келе жатат. Эч бир жерин өзгөрттүрткөнүм жок.

Агайдын мага: «Гүлайым, сен ушул ролун аркылуу Үргөнчтүн суусун кечирем» дегени бар эле. Кайран кишинин көрөгөчтүгүн карабайсыӊбы?! Балким ошол Үргөнчтүн суусу-2002-жылы алган Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык окшобойбу.

- Казак режиссёрлор менен дагы иштешип келет экенсиз…

- 2008-жыл Ч. Айтматовдун жылы болгон. А. Өмүралиев атындагы жаштар театрында улуу жазуучунун дүйнөгө таанымал чыгармасы «Саманчынын жолун» тандап, Казак Республикасынын эл артисти, режиссёр Бекпулат Парманов тарабынан акын котормочу А. Дегенбаеванын көмөгү менен «Эсимде» аттуу инсценировка жазылып жана сахналаштырган. 2008-жылдын сентябрында «Эсимде» аттуу спектакль Ысык-Көлдө болгон Республикалык үчүнчү театр фестивалынын «Жылдын эӊ мыкты оюну» номинациясынын жеӊүүчүсү болгон.

Моноспектакль менен дүйнөнүн 10 өлкөсүн кыдырып келдим. Эч бир котормосу жок кыргыз тилинде коюлду. Ошондо дагы жүрөгү менен түшүнгөн улут болду. Казань шаарында койгонубузда отурган эл Браво дегендин ордунда Йүрагимдан деп кол чаап отурушту. Москвада мен мен деген театр сынчылары келишти. Сынчылардан жылуу пикир угуштун өзү бакыт эле.

- Сиз жалаӊ гана улуу режиссёрлор менен иштешип келипсиз. Азыркы жаш режиссёрлорго берген бааӊызды уксак…

- Залкарлар менен иштешүү мен үчүн чоӊ тарых. ГИТИСти бүтп келген курсташтар, профессионал режиссёрлор, чыгаан драматургдар бары бир заманга туш келди. Кыргызды дүйнөгө тааныткан, залкар жазуучубуз Ч. Айтматов жөнүндө чоӊ кеп.

«Мезгилди тандабайт, ошол доордо жашай билишиӊ керек» деген экен бир даанышман ойчул. Дыйканбаевдин небереси Шамиль Дыйканбаев да мыкты режиссёр. Бертоль Брехттин «Өлөрман эне жана анын балдары» пьесасын койгон режиссёр Ш. Дыйканбаев. «Картаӊ аялдын келишин» дагы Шамиль сахналаштырган.

Анда Улан Мырза Карыпбаев Санкт-Петербургдагы театралдык окуу жайдын теарт окуу жайдын студенти эле, жайкы каникул учурунда келип, Ю. Дамскердин «Күүгүм» чыгармасын 25 күн ичинде которуп, койгонбуз. Негизи бул спектакль унутта калган таланттарга арналат.

- Гүлайым эже, талант менен адамгерчиликти бирдей алып жүрүү кыйын го. Таланты озуп кетсе, адамгерчилиги калып калат дегендей…

- Туура. Биз чыгармачыл инсандар жан-дүйнөбүз өтө назик. Ошентсе дагы талант менен адамгерчиликти сактап калуу ал өзүбүздүн абийирибизден. Талант - бул профессионалдуулук. Мейли актёр болобу же актрисабы көрүүчүлөргө күзгү болуусу шарт.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости