www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылы кризистик борборлорго жана башка атайын органдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 10 миң жаран кайрылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Алардын маалыматында, кайрылгандардын 86 пайызы аялдар, анын 37 пайызы 18-34 жашка чейинки кыз-келиндер.
Эркектер 50 жаштан өткөндөн кийин көбүрөөк зомбулукка кабылышат. Бул куракта аялдар үй-бүлөдө кысымга жана күч колдонууга аз дуушар болот.
ИИМдин маалыматында, 2020-жылы үй-бүлөдо запкы жегендерге 8,6 миң, же өткөн жылга салыштырмалуу 32 пайызга көп коргоо ордери берилген.
Козголгон кылмыш иштерининин саны 2019-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге азайган.
Зомбулуктан жабыр тарткандардын саны өткөн жылы 1425тен 1085ке,же 24 пайызга азайган.
Булак: NazarNews.kg