www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Колбашчылыгынын саптык аянтында Ички аскерлердин күжүрмөн даярдык планынын негизинде 10-майынан 10-июнуна чейин жыйын өкөрүлүп, "Запастагы офицерлерди" чыгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Акырында жогорку билими бар жоокерлер негизги алты сабактан экзамен тапшырышып, ал жактан канаттандыраарлык жана андан жогору көрсөткүч бааларына ээ болушуп, биринчи офицердик наамдарды алууга келишти.
Алар тактикалык, ок атуу, физикалык, саптык, инженердик даярдык жана жалпы аскердик уставдарын, мыйзамдарды билүү боюнча үйрөнүү сабактарын өтүштү.
Салтанаттуу иш-чарага Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басарынын МУА полковник Кумарбек Калматаев үйрөнүү сабактарын ийгиликтүү өтүшү менен сертификат тапшырып, алардын келечектеги Кыргыз элининин жакшылыгына болгон иш-аракеттерине ийгиликтерди каалап өттү.
Командирлердин жана куралдаштырынын астында сертификат алуу бул ар бир офицер үчүн намыс. Алар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка күч түзүмдөрүнүн катарында кызматтарын улантуу укугуна ээ болушат.
Эске салсак, Запастагы офицерлер жыйыны Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматы" мыйзамынын жана Ички аскерлеринин күжүрмөн даярдык планынын негизинде өткөрүлдү.
Булак: NazarNews.kg