www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Актёрдун мыктылыгы режиссёрдун жүзү тура. Сиз иштешкен режиссёрлор тууралуу айта кетсеңиз...

- Театрда ар түрдүү режиссёрлор менен иштешип келдим. Албетте, ар биринин иштөө ыкмалары ар башкача болгондуктан кызыктуу. Ошентсе да актёрго биринчи кезекте мыкты режиссёр керек болгону баарына маалым. Режиссёр, режиссёр педагог деп бөлүнөт. Актёр менен режиссёр келишкен же келишпеген да жагдайлары болот. Актёрду актёр кылган да режиссёр, мыш кылган да режиссёр. Негизинен театрда ушул эки адистин чыгармачылык келишиминен гана оюнан түзүлөт. Мага жаккан көп театр режиссёрлорунан Барзу Абдуразаков деп ойлойм. Ал адамга сапарлаш болуу менен көптөгөн чыгармачылык багыт жолуңду табууга болот. Кино тармагы болсо башка кеп.

- Ийгиликтин ачкычы таланттын күчтүүлүгүнөн болуп жүрбөсүн...

- Мен да ошентип ойлойм. Бирок көп эле учурда талантың менен ийгилик жаратуу кыйын. Өзгөчө азыр биздин коомдо. Азыркы коом менен ыңгайлаша жашасаң көбүрөөк ийгилик болот го деп ойлойм. Бирок ар адамдын табиятынан тарбияланып канга сиңген моралдык мыйзамы бар.

- Кандай кырдаалга туш болбоңуз эмоцияңызды ичиңизге сактай билесизби?

- Сактай турган жагдай болсо - сактайм. Бирок акты актай, караны карадай көрө албаган учурда эмоцияны сакташ кыйын, табиятымдан ошондоймун. Жашоодо чындыкты жактырамын. Адамдын жакшы дагы, жаман дагы мүнөзү бар эмеспи. Эң жаман көргөн мүнөз - саткынчылык. Коомубузда өтө көп колдонулуучу, популярдуу касиет, тилекке каршы.

- Үй-бүлө кичинекей мамлекет. Коломто ташын эстүү жан гана бир салмакта кармай алат. Гүлжамал эже кандай өмүрлүк жар, кандай эне?

- Кудайга миң мертебе ыраазымын, мага Жамалдай жарым гана жан жолдош боло алат. Жамалда өтө көп жакшы касиеттер бар. Эң жакын адамым, балдарымдын мээримдүү апасы, менин “компасым”. Жамалдан өз апамдын окшоштугун көрөм. Жамал таланттуу актриса. Бирок өзүн унутуп балдары менен мага көп убактысын, күчүн жумшайт. Кыскасы жоону ал сайса, аты үй ээсине калат деген мага. Кудайга шүгүр балдарыбыз чоңоюп жатат. Кең келечектүү болушсун.

- Сүйүү сезими керемет сезим дешет. Мына ушул сезимди билдирүү оңойго турбасы чынбы?

- Жашоонун байрагы сүйүү сезиминде болсо, андыктан оңойго турбайт.

- Адамдын жакынынан өтөр сынчысы жок дешет. Сиздин көз карашыңызды уксак...

- Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат деген макалдын өзү бул сурооңузга жооп болгону жетиштүү деп ойлойм.

- Деңизди сүйсөң толкундарын кошо сүй. Учкуң келсе кулаганды да бил. Жашоодон коркуп жашасаң ийгиликтен кол жууп калышың толук мүмкүн деп бир ойчул айткан экен. Сиз кандай чечмелейт элеңиз?

- Коркуп жашагандын эки түрү бар:бири күнүмдүк көмөчүнө күл тартып бирок ошондон айрылып калгандан коркуп жашайт деп ойлойм. Экинчиси улуу Чыңгыз Айтматов агабыз айткандай “адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу” дегендей болсо керек. Мен колдойм, кошулам. Ак дилибиз, тилегибиз, адалдык эмгек менен жана адамдык сапат менен ийгиликке кадам таштаган адам гана тилегине сөзсүз жетет десем жаңылышпаймын. Ийгилик деген мен үчүн жүрөгүмдүн тынчтыгы, үй-бүлө, жакындардын амандыгы.

Динара АСЫЛБЕКОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости