www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Бүгүнкү күндө кубанычтуу бир көрүнүш кыргыз киносунун кандай болгон күндө да өз орду бар. Түрдүү темадагы, түрдүү деңгээлдеги кыргыз кинолору элдин көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми кинонун өтүмдүүлүгүнө көңүл бурбастан, түбөлүктүүлүгүнө бел байлаган режиссёрлор бар экени сүйүндүрөт. «Айыл өкмөтү», Боз салкын», «Найман эненин көз жашы», «1-кадр», «Такси жана телефон», «Салам Бишкек», «Кентавр», «Арзы», «Анар жолу» жана башка кинолордо зор чеберчилик менен роль жаратып келген М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актёру Канат мырзаны кепке тарттык.

- Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз. Кино сиз үчүн…?

- Кино мен үчүн бирден бир кесипбим. Режиссёрлор бүтүндөй бир кинону жараткан сыяктуу, биз, актёрлор каарманды жаратабыз. Искусство адамдарынын ар биринин өз почерки бар. Мындан келди өнөр адамынын жараткан эмгегинин изи десек туура болчудай. Анткени кино аркылуу көп жетишкендиктерим болду, мисалы мени элдер Канат Мамырканов дебестен, «Боз салкындагы» болобу же «Айыл өкмөтүндөгүбү» ошол каармандарым аркылуу тааныйт. Кино-мен үчүн жашоодогу багынткан чоң ийгилигим деп ойлойм.

- Кайсы залкарлар менен бир тасмада тартылып калдыңыз?

- Мен заманыбыздын залкары ырмаматылык КРнын эл артисти Мукамбет Токтобаев, КРнын эл артисттери: Табылды Актанов, Чоро Думанаев агаларым менен биргеликте киного тартылып калдым. Мукамбет Токтобаевди мен үчүн корифей деп эсептейм.

- Кандай кырдаалга туш болбоңуз эмоцияңызды ичиңизге ката билесизби?

- Турмушта бирде өйдө, бирде ылдый болот ошондо шартка жараша эмоцияны сактаганга туура келет.

- Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай сапатка ээ болуу керек?

- Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам баласына сабырдуулук, токтоолук керек. Көралбастык, кара өзгөйлүк, уурулук, ачкөздүк жана гыйбаттан алыс болушу керек. Эң негизгиси өжөрдүк сапатың болсо, ошол максатыңа жетесиң. Эркектин көктүгү кут, аялдын көктүгү жут деген жакшы сөз бар. Эркек киши өжөрлөнө ийгиликке жетет.

- Эгерде актёр болбой калсаңыз кайсы кесипти тандамак элеңиз?

- Өзүмдүн кесибим малдоктур. Эгер актёр болбой калсам малдоктур же зоотехник болмокмун. 1983-1986 жылга чейин малдоктур болуп иштегем.

- Ата-эненин тарбиясы негизги роль ойнойт эмеспи. Айтайын дегеним, балтыр тилген балалык чак, эненин мээримин эске салгым келди…

- Канчалык жашың өйдөлөгөн сайын балалыкты эстей баштайсың. Ошол убакка болгон сагыныч, кусалык, баёо сезимиң, кызык күндөрүң…Чыт курсак кезиңде топурак басып жылаңайлак чуркаган бойдон чүкө, жашынмак ойноп эч бир түйшүгү жок жыргап жүргөн күндөрүң тасмадай көз алдыңа чууруп өтөт. Жашоонун оош-кыйышы менен түк ишиң жок, эчкимге баш ийбеген «өжөр» мезгил тура. Ошол балалыгымдын бал татымы алигиче оозуман кетпей турганын жон терим менен сезип келем. Ата-энем карапайым адамдар. Айылда атам чабан болсо, апам ага жардамчы эле. «Солтон-Сары», «Көк торпок» деген жайлоолорубуз бар, ошол жакта атам мал багып, жайлоодо торолуп чоңойгон баламын. Кыргыз баласын мен тоого салыштырам. Ар бир кыргыз тоо сыяктуу көтөрүмү оор көөкөр таштай. Тоо жыттанган кыргыз экениме сыймыктанам.

- Сиз кандай жанрдагы китептерге жакынсыз?

- Бала чагымдан эле тарыхый романдарына жакынмын. Дүйнөлүк чыгармаларга да кызыгып окуп каламын.

- Жашоонун маңызын эмнеден туясыз?

- Элдин адамы болгон соң баары сенин кыймылыңды, турган турпатыңды, жасаган ишиңди мейли көчөдөнбү, же сахнаданбы карап турат. Эл алдында жүзүңдү жоготпой тургуң келет, мен ошого көп аракет жумшайм.

- Максатка чек жок дешет, алдыга койгон максаттар?

- Кыялга чек жок дешет. Артисстер кыялкеч болот. «Мосфильм» же «Ленинфильмге», чет өлкөдөгү тасмаларга түшүп калсам деген максатым бар. Туз насип буюруп калса тартылып калаттырмын.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости