www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук ИИБнын маалымат кызматы Кара-Сууда автоунаасын өрттөп качкан жарандардын кармалганы тууралуу маалымат берди.
Окуя 13-декабрда аталган шаардын Нурахунов көчөсүндө болгон.
"Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну 13-декабрда саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө азият улутундагы бейтааныш эки адам тапанча такап, "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качууга аракет кылды деп милицияга кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө алардын изи Нурахунов көчөсүндө табылган",-деп айтылат маалыматта.
Бул окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалган. Маалымдалгандай, алар мурда да куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөнү белгилүү болду.
Окуя болгон жерде “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөлгөн.
Кармалгандардын бири Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо беренелери менен мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси - диний-экстремизм боюнча мурда бир жолу соттолгон Ош шаарынын 48 жаштагы жашоочусу. Үчүнчүсү - Орусиянын Татарстан Республикасынан. 46 жаштагы бул киши да мурда уурулук менен соттолгону айтылат.
Окуя болгон жерден курал-жарактар, ок-дары, рациялар, атайын бет каптар алынган.
Экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы кабарланды.
Буга чейин Кара-Суу шаарындагы окуя тартылган видео интернетте тараган. Анда күйүп жаткан машинени көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg