www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам Каримовдун неберелери — Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова жана Лола Каримова-Тилляеванын кызы Марьям Тилляева 8 жылдан кийин биринчи жолу Өзбекстанда жолугушту.

Марьям Тилляева Instagram баракчасына Иман Каримова менен Ташкентте тартылган сүрөтүн жарыялады.

Мариям Тилляева жолдошу менен Москвада, Иман Каримова Лондондо жашайт.

Кыздар Самаркандда жайгашкан Ислам Каримовдун күмбөзүн зыярат кылып, ошондой эле башка бир катар архитектуралык эстеликтерге барышкан.

«Мен көптөн бери Самаркандга келип, Бобону (чоң ата) зыярат кылгым келчү. Ал эң камкор чоң ата болчу, азыр анын жоктугу абдан сезилип жатат. Бул сапар мен үчүн чоң мааниге ээ, анткени 1-2 жумадан кийин Бобонун туулган күнү болмок. Мен ага биринчи жолу зыярат кылып, Иман менен бирге гүл коюу мүмкүнчүлүгүнө ыраазымын. Күмбөздө анын энергиясы жана ушул жерде экени абдан күчтүү сезилет», - деп жазган Марьям Тилляева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости