www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино кыйноо

Т.Океевдин «Ак илбирстин тукумунда» - Мундузбай, «Алтын күздө» - комментатор, «Сүйүү закымында» - дервиштин ролун ойногон Досхан Жолжаксыновду ким гана тааныбайт. Ар бир каармандын тулку боюна кирип, бетегеси белден буралган кол менен жасап койгондой кооздукту алып чыгаары анык.

- Досхан-ага, жүзүӊүздөн замандаштарыӊызды көрүп, кубанып турганыӊызды байкадым. Көп жылдар өткөн соӊ жолугушуу сиз үчүн…

- Керемет кыргыз жерине келгеним бир сүйүнүч болсо, ал эми чыгармачылыкта ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, жыргал күндөрдү чогуу өткөргөн кесиптештеримди көрүп бир сүйүндүм. Замандаштарым: Г.Базаров, Ч Думанаев, М.Бектеналиев, М.Бегалиев, К.Осмоновдордун амандыгын көрүп көзүмдөн жаш тегеренип кеткенин жашыра албайм. «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Чоро кечээ эле бала эле, мына эми ак батасын бере турган аксакал болуп калыптыр.

Тээ бир кездеги чыгармачыл топ биригип, жаштык кездер көз алдыма келе түштү.

- Ар бир жанда бир өксүк бар дейт. Көзү өтүп кеткен кесиптештериӊизди бир жоктоп алгандырсыз…

- Албетте. Кыргыздын корифейлери, улуу өнөр адамдары аталган залкарлардын жай башына барып, куран окудум... Жоктодум…Чындыгында легендарлуу кинорежиссёр Төкөмдүн (Т.Океев), кыргыз өӊү аталган Сүкөмдүн (С.Чокморов), кино оператор Н. Борбиевдин, ар бир каарманды катыра аткарган Орозкулдун (О.Кутманалиев) каарандарын кайсалактап таппай калдым.

Алардын мага болгон баёо сезим жаш баладай тамашасы же олуттуу акыл-насааттары жетпей турат. Бул боордошторумду ар убак издейм, балким өмүрүмдүн акырына чейин издеп өтөөрмүн…

- Кыргыз эли сизди классикага айланган кыргыздын керемет тасмаларында тартылганыӊыздан улам жакшы тааныйт. Кантсе да, биздин залкарлар менен табакташ болуп калгандырсыз…

- Улуу кинорежиссёр Т.Океев, ааламды ичине батырган Айтматовдун ааламы аталган Чыӊгыз Айтматов жана кыргыздын кыраан уулу Сүймөнкул Чокморов өӊдүү бир топ залкарлар менен иштешип, бир дасторкондо даам татып, алар менен бирге тартылганымдын өзү бакыт. Ошол доордо Сүймөнкул агабыз «шляпасын» мага кийгизип сыйлаган эле.

Т.Океевдин «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Сүйүү закымы» тасмаларында образ жаратуу менен кыргыз боордошторума таанылдым. Бул тасмалар арты менен кино чөйрөсүндө такшалдым, бир топ тажрыйба топтодум. Себеби, мен кыргыз жергесине алгач 1980-жылдары келсем, 30 жашка чыгып-чыкпай кыргыз тасмаларына тартыла баштадым.

-  Режиссёр жана баш каарманды аткарган актёр катары көрармандарга өз оюӊузду ачыктай алдыӊызбы?

-«Кунанбай» көркөм тасмада эли-жерге, Ата-Журтка болгон сүйүүнү ачыктай алдым десем жаӊылышайм. Себеби, Кунанбай тарыхта аты калган улуу инсан. Анын эли-жерине жасаган омоктуу иштери 40 жашка чейинки жасалган иштер.  Эл Султаны атка татыктуу улуу көсөм катары жалпыга маалым.

Биз тарыхыбызга саресеп салсак, Кунанбайдын образы М.Ауэзовдун «Абай жолу» чыгармасында бир беткейлүү болуп кеткен. Себеби, жазуучунун калеми Совет доорунда ошол саясатка ылайык болгонун түшүнүп турабыз. Кунанбай-бул жок болуп бара жаткан феодализм.

Прогресс - бул Эркиндик. Социализм - бул эртеӊки коммунизм. Режиссёр жана актёр катары казагымдын басып өткөн жолун көрөрмандарга кандайдыр бир деӊгээлде жеткире алдым деп эсептейм.

- Баш каарман Кунанбайды башка актёрго ишенип артуу оюӊузда болбодубу?

- Өзүм актёр болгонума байланыштуу сценарийди жазаарда өзүмдүн жан-дүйнөмө жакын кабылдап, ички туюумум менен ай-күнүнө жеткен бала сымал туюлду. Беш жыл ичинде жазылган сценарийди башка актёрго табыштаган оюмда дагы жок болчу.

Себеби, мен сезген көксөөнү ал түк аӊдай албас эле. Кунанбайдын образын жан-дүйнөмө сиӊирип алгандыктан өзүмө өзүм ишеним арттым.

- «Кунанбай» көркөм тасмасы кинорежиссёр катары экинчи тасмаӊыз. Биринчи тасмаӊыз «Биржан-сал» дагы акын, композитор тууралуу тарыхый инсан тууралуу. Сиздин тасма тартуу табитиӊиз тарыхка жакын болгондуктанбы же кандай?

- Туура баамдадыӊыз. Келечек муунга тарыхый инсандарыбызды таанытуу биздин милдет. Азыр «Ааламдашуу доорунда» негедир нагыз тарыхыбыз унутулуп бараткансыйт. Мендеги максат жаштарыбыз ата-бабаларыбыз басып өткөн жолун биле жүрүшсө.

-  Чыгармачыл жолуӊузду улай турган жакындарыӊыз бардыр…

- Менин жолумду улаган биртууганым Эрик Жолжаксынов. Азырынча дегенди тактап айтайын. Себеби, уулдарым жолумду улабаса дагы, балким неберелерим улантаар деген көкүрөктө изги тилегим бар.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости